Гонконгдун вирусологу Ли-Мэн Ян эпидемиянын башталышында Кытай бийликтеринин аракеттери жөнүндө чындыкты айтуу үчүн АКШга качып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ли-Мэн Яндын айтымында, Кытай жетекчилиги коронавирус жөнүндө алар кабарланганга чейин эле билишкен. Ал коронавирусту изилдеген алгачкы окумуштуулардын бири. 31-декабрда анын досу, Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун окумуштуусу Ли-Мэн Янга вирустун адамдан адамга жугушу мүмкүн экендигин айткан. Ли-Мэн Ян өзүнүн жетекчисине бул жөнүндө айтканда ал башын ийкеп койгон. Кийинчерээк жетекчиси ага «Унчукпа жана сак бол» деп айткан.

Мындан тышкары, Ли-Мэн Ян Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалымдама лабораториясынын төрагасы, профессор Малик Пейрис коронавирус боюнча кабардар болгонун, бирок эч кандай чара көргөн эместигин билдирген. Ошол эле учурда ДССУ бул маалыматты четке каккан.

Ал эми, Кытайдын АКШдагы элчилиги Ли-Мэн Янды коронавирус жөнүндө эч нерсе билбейт деп айыптады. Кытай өкмөтү коронавирустун чыгышына тез жана натыйжалуу күрөшкөн деп билдирген элчилик.