11-июль күнү саат 19:30 чамасында Ош шаарында Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

12-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.