Бүгүн Казакстанда коронавирус пандемиясынан каза болгон жарандарды эскерип, Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Чак түштө, өлкө боюнча бир мүнөттүк эскерүү жарыяланат.

 Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 8-июлунда Казакстандын жарандарына президент Касым-Жомарт Токаев коронавирус пандемиясынын курмандыгы болгон жарандарды эскерип, 13-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин жарыялады.


Бүгүн көңүл ачуучу иш-чаралар жана ЖМКдагы берүүлөр токтотулган. Өлкөнүн бардык жерлеринде, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарында, мамлекеттик желектер түшүрүлөт.

Каза болгондорго багышталып бардык мечиттерде куран окутулат.