TMZ порталынын билдирүүсү боюнча Элвис Преслинин небереси Бенджамин Кио 28 жашында өзүнө кол салып, өмүрү менен кош айтышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча атактуу ырчынын небересинин жансыз денеси Калифорния штатына караштуу Калабасас шаарындагы өз квартирасынан табылган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында анын ок жеп өлгөндүгү жана өзүн-өзү өлтүргөндүгү аныкталган.

Белгилей кетсек, Элвис Пресли 1977-жылы 42 жаш курагында дүйнө салган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин америкалык поп-маданияттын жарык жылдызы бойдон калуу менен дүйнө жүзүндөгү чыгармасы эң көп сатылган солисттердин үчилтигине кирет.