Индиялык актёр Абхишек Баччан аялы Айшвария Рай менен сегиз жашар кызы Арадхью коронавирус жуктуруп алгандыгын ырастады.

«Айшвария жана Арадхьядан COVID-19 илдетинин белгилери аныкталды. Карантинди үйдөн өткөрүшөт. Ал эми апам жана менин анализдерим таза чыкты. Жакшы тилектериңиздер үчүн бардыгыңыздарга чоң рахмат», — деп жазып калтырган ал өз Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, Айшвария Рай Баччан – 1994-жылдагы «Дүйнө сулуусу» кароо-сынагынын жеңүүчүсү жана көптөгөн образдарды жараткан атактуу актриса катары белгилүү.