NHK телеканалынын билдирүүсү боюнча Япониянын түштүк-батышындагы нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан суу ташкындары менен жер көчкүлөрдүн натыйжасында болжол менен 70 адам каза болуп, 13 адам дайынсыз жоголду.

Кюсю аралында бир жумадан бери жаап жаткан жамгыр Хонсю аралын дагы кучагына камтыган. Бул аралдардагы Кумамото жана Оита префектураларында болжол менен 8,5 миң үй-бүлө жайгашкан. Айыл чарба, токой жана балык чарбасы министрлигинин жүргүзгөн эсептөөлөрүнө ылайык айыл чарбасына келтирилген зыяндын өлчөмү 11,7 миллиард иенди (109 миллион доллар) түзөт.