Армения жана Азербайжан ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында үч азербайжандык аскер кызматкери набыт болду.

Инцидент азербайжан-армян чек арасындагы Товуз районунда, башкача айтканда, буга чейин Азербайжан жана Армения өлкөлөрү тарабынан талашка түшүп келе жаткан Тоолуу-Карабах Республикасына жакын жерде болуп өткөн. Азербайжжан Коргоо министрлиги Армения менен чектеш аймакта жайгашкан Товуз районунда жайгашкан Агдам айылын миномёттук аткылоого алган деп Арменияга кине койгон.

Бирок, армян куралдуу күчтөрүнүн өкүлү бул чындыкка дал келбей тургандыгын, азербайжан тарап чек араны бузуп киргендигин айтып, өз «Фейсбук» баракчасына билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Азербайжан жана Армения ортосундагы куралдуу кагылышуулар алгач ирет 1988-жылы болуп өткөн. Буга негизинен армян эли отурукташкан Тоолуу-Карабах автоном облусунун Азербайжан ССРинин курамынан чыккандыгы тууралуу билдирүүсү себеп болгон.