Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ушул тапта калаанын ар бир райондорунда түнкү стационарларды ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда күндүзгү стационарлар  күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Андан саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жарандар медициналык кеңеш, тамчылатма жана укол ала алышат.