Социалдык тармакка тараган маалыматта айтылгандай, кыргызстандык аткаминерлер жакында «Манас» аэропортунан эл аралык чартердик каттамдар менен учкан эмес. Бул туурасында аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, эл арасында атайын борт менен cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска кабылып, Германияга дарыланууга учуп кетти деген маалымат тараган.

«Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө «Манас» аэропортуна мезгил-мезгили менен буюртмалык чартердик-санитардык каттамдар аткарылууда. Аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Ал эми Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес», — деп айтылган маалыматта.

Аэропорттун маалымат кызматы коомчулуктан мындай такталбаган кабарларды таратпоону суранган.

«Эл аралык «Манас» аэропорту жалган маалымат таратпоону суранат. Учурдагы эпидемиологиялык абалда «Манас» аэропорту кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн күнү-түнү иштеп жатат», — деп кошумчалаган алар.

Ал эми министрлик Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев дарылануу үчүн чет мамлекетке учуп кеткен эмес .