Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова реанимациядан чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди.

«Канча күн, түн, саат, минут, секунд, көз ирмем экенин билбейм. Жашоо үчүн күрөштүм. Балдарым, үй-бүлөм, бир тууган, дос, жоролорум үчүн күрөштүм.

«Апа, кылым өтүп кеткендей кыйналдык. Апа, сизди жоготуп, жалдырап калабызбы дедик, апа. Апа, өлбөчү ээ, бизди таштаба ээ?», — деген сөздөр мээмде кыттай уюп, Кубам канаты болсо учуп эле келейин деди окшойт.

Ажалдын оозунан кыл сууругандай алып чыккан ак халатчандарга таазим. Эбепке себеп болдубу, билбейм, эң жетишкендик-тирүүлүк. Кудайдын көзү түздүгүбү, боору оорудубу үй-бүлөмдүн, балдарымдын кашындамын», — деп жазган ал.

Эске сала кетсек, он күн мурда Жылдыз Мусабекова абалы оор экенин айтып, ыктыярчы дарыгерлерден жардам сурап кайрылган. Кийин анын реанимацияга түшүп калганын уулу социалдык тармакка жазган болчу.