10-июлда Ош шаарында суу түтүк тартуу учурунда топурак басып каза болгон адам Алай районунун тургуну болгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 10-июль күнү Ош шаарынын Биринчи май көчөсүнүн жашоочулары саркынды суу түтүгүн тарттыруу үчүн 4 адамды жалдап келип, казуу иштерин жүргүзүп жатышкан. Курулуш монтаж иштери учурунда топурак 4 адамды басып калган. ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 3 жаран куткарылып, 1 жаран каза болду.

«Окуя ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бизге адамдын денеси табылды деп маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү экспертиза дайындалып, учурда изилдөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен берене өзгөртүлүшү мүмкүн. Каза болгон жаран Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну болгон. Учурда 1990-жылы туулган дагы бир адам ооруканада дарыланууда. 2 адамдын абалы жакшы, ооруканада эмес. Алар жалданып иштеп жатышкан. Учурда күбөлөр суралып жатат», — деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.