Ырчы Асел Кадырбекованын ден соолугуна байланыштуу жакшы динамика бар. Бирок ал азырынча жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкектин травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Эскерте кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 автоунаа катышкан жол кырсыктан жаракат алган.

Соцтармактан Асел Кадырбекованын күйөрмандары ырчынын тезирээк сакайып кетишин Жараткандан тилеп, коомчулукка бир катар билдирүүлөрдү калтырып жатышат. Ал эми унаа кырсыгына тийешеси барлар камака алынган.

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир атактуу ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.