Бүгүнкү күндө соцтармакта «1991-2018-жылга чейин иштеген кызматкерлер үчүн жөлөк пулду 70 миң сомдон алышат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги расмий түрдө билдирет. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Фейк маалымат. Жарандарды мындай маалыматка ишенбөөгө чакырабыз жана башкаларга таратпоону өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин WhatsApp группаларына министрлик «кыргызстандыктарга 1991-жылдан 2018-жылга чейин эмгектенген кызматкерлерге 70 сом өлчөмүндө жөлөк бул берилет. Бул боюнча министрлик таратты» делген маалымат жарыяланып кеткен эле.