Бүгүн, 13-июлда Талас шаарында кайрымдуу жаштардын демилгеси менен бир бодо мал союлуп, анын эти  жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга таратылып берилди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

“Мындай кайрымдуулук иштин сообу Кыргызстандын мурунку Муфтийи Чубак ажы Жалиловдун арбагына багышталып Куран окулуп, ошондой эле учурда пандемиядан улам ооруп жаткан бир туугандарыбыздын тезирээк сакайып кетишин Жараткан Алла Тааладан тилеп, бата кылынды”, — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыяттын окуу бөлүм адиси Абдысамат уулу Өмүрзак ажы, демилгечил жаштар катышкан.

Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев өз сөзүндө  жаштарга кеп-кеңешинин жана ыраазычылыгын айтып, жасалып жаткан кайрымдуулук башкаларга үлгү болоорун белгилеп, азыркы оор кырдаалда санитардык тартип эрежелерине көңүл бурууга, жаштарды муктаждарга көмөктөшүүгө чакырды. Уюштуруучулардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалаган.