КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун расмий адамдарына каршы АКШ кабыл алган чараларга жооп кылып Кытай америкалык сенаторлор менен конгрессмендерге карата санкцияларды кабыл алды. Бул тууралуу КЭР ИИМ расмий өкүлү Хуа Чуньин билдирген.

Бул санкцияга бир катар бийлик өкүлдөрү туш болушкан. Аталган санкцияларга туш болушкан кытай аткаминерлери менен АКШ юрисдикциясында турушкан уюмдардын бардык активдери тоңдурулуп, алар менен болгон кызматташтыкка тыюу салынат.

«АКШнын мындай мыйзамсыз аракеттерине жооп кылып, Кытай бүгүнтөн тартып, АКШ Конгрессинин Кытай маселелери боюнча комитетине каршы, АКШ Мамдепартаментинин эл аралык диний эркиндик маселелери боюнча башкы адиси Сем Браунбекке жана бир катар сенаторлорго каршы санкция киргизди», — деп билдирди журналисттер менен болгон брифингде Хуа Чуньин.