Кечээ, 12-июлга караган түнү «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын топография бөлүмүнүн башчысы Асылгазиев Нурланбек Токтомушович оорунун кесепетинен көз жумду. Ал 48 жашта болчу.

Нурланбек Асылгазиев 1972-жылы 24-мартта Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Ал эми 1991-жылы Фрунзе политехникалык техникумун инженердик геодезия адисти боюнча окуп бүтүргөн.

2006-жылдан тарта «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасында иштеп баштаган. Н.Асылгазиев 5 баланын атасы болчу.