Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын буйругуна ылайык 2020-жылдын 12-май күнүнөн баштап спорттук, коомдук жана башка иш-чараларды өткөрүү Бишкек шаарынын аймагында убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 11-июль күнү Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек ШИИББге 13-июль күнү саат 11:00дон 12:00го чейин Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө кайрылуу менен жаран Т.А. кайрылган.

Бирок, ошол эле күнү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын Биринчи май району боюнча орун басары А. Малдыбаев тарабынан жаран Т.А. кабарлама жөнөтүлүп, анда Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын буйругуна ылайык 2020-жылдын 12-май күнүнөн баштап спорттук, коомдук жана башка иш-чараларды өткөрүү Бишкек шаарынын аймагында убактылуу токтотулган жана андан сырткары коронавирус илдетине «COVID-19» байланышкан Бишкек шаарындагы Өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышына чейин жогорудагы иш-чарасын өткөрүү убактысын өзгөртүү сунушталган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Мыйзамында жугуштуу оорулардын пайдап болуу жана жайылуу коркунучу бар учурда чектөө иш-чаралары (карантин), анын ичинде массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Тыюу салууга жана кабарлама алгандыгына карабастан, 25-30 тегерегиндеги белгисиз адамдар 2020-жылдын 13-июлунда болжол менен 11:20 чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтынын ар кайсы бөлүгүндө чогулушкан.

Ушуга байланыштуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана “Тынчтык митинги жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын бузууну болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн топтолгондордун ичинен Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБге төмөнкү жарандар жеткирилди: 1999-жылы туулган С.Ж., 1993-жылы туулган Р.А., 1997-жылы туулган Ж.А., 1998-жылы туулган Ж.Н., 2003-жылы туулган Н.Б., 1991-жылы туулган З.А., 1998-жылы туулган Ж.А., 1990-жылы туулган Т.К.. Баардыгы Бишкек шаарынын жашоочусу болушат. Жогорудагы көрсөтүлгөн бардык жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң кое берилди.