Дары-дармектерди алып, көрсөтүлгөн баасынан кымбат саткан сатуучуларды аныктоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.


Маалыматта айтылгандай,  дары-дармектердин баасын көтөрүү фактылары боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече сатуучулардан үзгүлтүксүз контролдук сатып алуулар жүргүзүлүп келген. Жеке адамдар тарабынан баасы жогору баада тийиштүү уруксаты жок дарыларды  сатуу фактылары кайрадан аныкталды.
«Кармалган жарандарга (алып сатарларга) карата сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат, анын натыйжасында кылымышка катышкан адамдардын иш-аракеттерине акыркы процесстик чечим кабыл алынып, тиешелүү юридикалык баа берилет. Дилерлер табылгандан кийин, алар алдамчылыкка, ойлоп табууга жана ар кандай турмуштук жагдайлардан пайдалануу боюнча чара көрүлөт. Бул ишке тиешеси аныкталган адамдардын бардыгына карата сотко чейинки тергөө иштери башталды ”, — деп айтылат билдирүүдө.