Республиканын ар кайсы диаспораларын камтыган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы өткөн жылы 25 жылдык мааракесин белгиледи. Ушул жылдар аралыгында аталган уюм үзгүлтүксүз негизде улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында өлкөдө кеңири масштабдагы иш-чараларды уюштуруп келген. Бул жылы, карантин киргизилгендиктен, Ассамблея өз ишин белгилүү бир мезгилге токтоткон.

Бул эмнеге байланыштуу жана уюм качан кайрадан иштей баштайт? Бул суроого казактар ассоциациясынын төрагасы Гүлшат Асылбаева жооп берди.

Гүлшат Кадыровна, маалымат каражаттарында Кыргызстан элдер ассамблеясы күзгө чейин ишин токтоткону жазылган, сиз Ассамблеянын төрагасынын орун басары катары кандай коментарий бересиз,бул карантинге байланыштуубу?

Ооба, бул албетте өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу. 9-июлда Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Президиумунун кеңейтилген жыйыны болуп, анда адамдар тобокелге барбашы үчүн Ассоциациялардын жана Ассамблеянын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Анткени, Ассамблеянын иш-чаралары өтө масштабдуу, анын курамында отузга жакын ассоциациялар бар.

Пневмония илдети  биздин жакшы инсанды, Ревизиялык комиссиянын төрагасы — Цой Валерий Павловичти арабыздан алып кетти. Биздин кесиптештерибиздин туугандары да көз жумду.

Көңүл айтабыз. Ошондой эле сиз казактар ассоциациясынын төрагасы экендигиңизди жана Ассоциациянын, айрыкча өлкө үчүн ушундай оор мезгилде канчалык деңгээлде иш алып барууда?

Ассамблиянын ишине ар бир Ассоциация чоң салымын кошот, биз бардыгыбыз бир чоң үй-бүлөбүз. Алар кайгы жана кубаныч менен тең бөлүшөт. Бул коомдук уюм экендигине карабастан, азыр деле эч ким кайдыгер карабай, бардыгы колунан келгенин жасап, бардыгына жардам берүүгө аракет кылып жатышат. Карантин башталганда, каржылык жардам чогултулуп, Коронавирус Фондуна өткөрүлүп берилген.

Өзгөчө жаштар эрктүүлүгүн көрсөтүштү.Аталган уюм элдердин үрп-адатын, салт-санаасын унутпоо үчүнтүптөлгөн. Ар кандай жагдайларда элдер бири-бирин колдоп келишкен.

Этникалык азчылыктардын Казакстан Элдеринин Ассамблеясынан чыгышы мыйзамдуу түрдө Казакстандын Парламентинде бекитилген, бизде мындай норма барбы?

Бизде андай норма жок, бирок Жогорку Кеңешке улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн тапшыруу үчүн квота бар.

Жогорку Кеңеште кайсы улуттар бар?

Биринчиден, албетте, жергиликтүү улуттун депутаттар баарынан көп, ошондой эле орустар, өзбектер, дунгандар, уйгурлар жана казактар бар.

Сиз Ассамблея коомдук уюм деп айттыңыз, андыктан ал мамлекет тарабынан каржыланбайбы?

Тилекке каршы, каржыланбайт. Бирок биздин иш-аракеттерибиз үчүн аянтча берилген ал үчүн рахмат.

 Кесиптештериңиз  арасында сизге жакын  “туугандар” казактар барбы?

казактар менен кыргыздардын ортосундагы никелерди кездештирүүгө болот. Менин кесиптештеримдин көбү казакстандык тамыры бар же казактар менен тыгыз байланышта, ошондой эле алар Казакстанда билим алып, ошол жакта иштегендер бар. Мисалы: Байпакбаев Экмат, Максат Сабиров, Дастан Бекешев, казактардын каны аларда агат, бирок санай берсек, тизме узун болот.

Бүгүнкү абал тууралуу сиз кандай ойдосуз?

Азыр өлкөбүз татаал этаптан өтүп жатат, бирок мен баарыбыз биргелешип, илдеттен арылабыз жана бул кризистен чыгабыз деп ишенем.

Маалымат үчүн: Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы — жалпы жарандык бирдейликтин негизинде коомдун консолидациясын, маданий көп түрдүүлүктү сактоого багытталган бирикме. Бул улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты, интеграцияны жана Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоого өбөлгө түзөт.