“Кыргыз кызык бир элбиз” да , чын эле кызык бир мүнөзүбүз бар. Эгерим, бир демке болсо Өзүбүздү кунөөлөп же менден да кетип атабы деп түк айтпайбыз. Бирөө сөзсүз күнөөлүү болуш керек да. Чучкүрсөк да, бышкырсак да,айтор, бирөө бар да күнөөлүү. Мындай жасайык, андай жасайык дегенибиз жок. Кудайга шүгүр Ажо деген, өкмөт деген, жанагы парламент деген бар экен, ушуларды эле күнөөлөп келатырыбыз. Эй, качан бир өзүбүздүн да шакмарыбызды көрүп, иии…туура. Менден да, элден да кетип атпайбы деп айтканга жарайбыз.

Мына, карагылачы биз эмес, алдуу күчтүү Американы, Россияны, Европаны атың өчкүр вирусуң чөгөлтүп койду го. Италия эмне болду? Айтмакчы, ушу италиялыктар бизге окшош элби деп калдым. Тайраңдап көчөгө чыкканынан, той-тамашага жакындыгынан, тооготпогон, камырабастыгы жагынан. Канча адам вирустан набыт болду. Америка да алсырап калды. Салыштыргыла . Апаат башталганда өкмөт карантин киргизгенде канча вирустун мизи кайтып, ооругандар азайып калды эле. Маалыматтарды анализдеп көрөйүк. Өтө аз эле.

Карантин кезде бүт өлкөдөн вируска чалдыккандын саны эми бир эле райондон чыгып атпайбы. Карантин учурунда желегибизди көтөрүп чыктык, ачкыла эле ачкыла, ачкадан өлмөк болдук деп. Карантинди алып салыса турсигибизди колго кармап, флаг кылып шадыраңдап чыктык эле. Вирус деген неме тим эле сиркелеп баратыры го.

Маска кийбей, колду жуубай, “өзүмкү өзүмө адал” деп, аралыкты карманбай жүрүп алдык. Кыргызың эмне деген элбиз, ыя? Айтканыбыз ушак, жүргөн жерибиз калптын казаны. ФБдан фейктерди окуй берип, баарыбыз фейканутый болуп калдык. Анан кайсы арыбызга политикадан сүйлөп калабыз. Текенин артынан мясокомбинатка барам дегени канча, Адахамдын ханжский сөзүнө ууланып, бу вирус дегениң политика экен деп чыкканы канча, эми баарыбыз вирустун балитине башыбыз белчеден батып атыры. Ал болсо эч нерсе билбеген немедей эски патефонун коюп өзүнүн балитикасынын арканын эшип отуру.

Момбеков дегени бар, таластыктар анын чыныгы аты ким экендигин өткөндө видеодон айтып атыры. Бул макалчы, макалдатып сүйлөсө эле кулагынын кучушу кармагандар оозуна халва салгандай чалкаңардан жатып калат экенсиңер. Чындыктын символу ушу макалчан болсо, анда өлгөн экенбиз. Мына катырды деп, муну ким экенин эл деле билип көрдү го. Анын артында койкоңдогон беш-алты фейки бар Момбек былгытып оосурса да, тим эле атыр жыт чачып кеткендей мактап жатыры. Мына, таластык туугандарым айтты го. Таласка бир коко тиккен сайган жок деп. Бул илгери ошо Шекерде эле шыбакчы болуп, байчасын түрүп алып, үй шыбап жүргөн неме эле.

АШАнын кашасынан жеп, казы байлап, оозу толтура урма кеп менен адарыңдап балитиканын чаңын ызгытып келет. Ушулар айтпадыбы Адахамы баш, Момбасы төш болуп “Вирус жок эле вирус жок, анын артында минус бар” деп. Эгеде вирус деген сөз, вилус болгондо, уйкаштык үчүн плюс бар деп да чыкмак Момба.
Эй, туугандар бир чындыкты айтайын. Мына 30 жылдан бери канча лапша кулакка илинде, итке минген биз, вирус жуккан биз, карызга баткан биз. Бир ойлонбойлукпу. Буларга биздин канчалык кыйналганыбыз керек, булар биздин кыйналганыбыздан өзүнүн саясатын жасашат. Карагыла кыйналып атасынар элим, жогору жактагылар жыргап атыры деп. Жогорудагыларды да актайын деген оюм жок, а көрөйүн деген көзүм агып түшсүн.

Бирок, рахмат, Президент Сиз бар экенсиз, баарыбыз оозуна алы жеткени, оозуна алы жетпегени, пионерден пенсионерге чейин “Ажо каякты карап жатат” деп кычубуз кангыча тилдеп, ачуубузду чыгарып, бир колдун ачуусун бир кол басып отурубуз.

Акыркы кезде ФБга чыгып алып, “сен эле, сен” деп сөөмөйүн көрсөтүп бакылдаган популисттерди эр экен, шер экен деп улуттук баатырга айлантып алдык. Эх кыргызым, ойгон, ойлон, ач көздү!