Стационарга келген бейтаптар үй шартында же күндүзгү стационарда мүмкүн болгон инфузияларды алып, дарылоо тактикасында дарыгердин тандоосун кыйындатат.
Мисалы: бейтап үйдө азитромицин, цефтриаксон, левофлоксацин, дексаметазон антибиотиктерин ичет.

Бир аз жакшы боло түшүп, бир нече күндөн кийин абалы дароо начарлайт да, анан бизге келишет. Дарыгерлерге жаза турганга дээрлик эч нерсе калбай, акыркы муундагы күчтүү дары-дармектер жана “цитокиндик бороонго” каршы күрөшүүгө багытталган Актемра гана калат. Тилекке каршы, ал дагы жардам берери күмөн жаратат.

Ошондуктан, эгерде оорунун белгилери жаңыдан гана башталып жатса, антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз, өзүңүздүн организмиңизди тыңшап көрүңүз, балким ал дары-дармексиз эле илдетти жеңип кетет. Ден соолугуңузга дароо зыян тийгизбестен, ойлонуп көрсөңүзчү?!