Улуу Британиянын министри Венди Мортон пандемиядан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, Кыргызстан элине  көңүл айтты жана колдоосун билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, Элчи Эдил Байсалов Европа коңшулаштык жана Америка боюнча министр, Венди Мортон менен жолугушту.


“Кыргыз Республикасынын элчиси Улуу Британиянын жогорку даражалуу өкүлүнө акыркы жумалардагы республикада болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалымдады. Министр Венди Мортон пандемиядан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, оорунун кесепеттерине каршы туруу үчүн Британиянын эл аралык жардамынын бир бөлүгү багытталгандыгын жарыялады «, — деп айтылат билдирүүдө.