Медициналык жабдууну Евразия экономикалык комиссиясында иштеген Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө мекендештерине жардам көрсөтүү максатында өз каражаттарына сатып алышкан. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын дарылоодо өтө маанилүү болуп саналат, ал эми сатып алынган жабдуулар медицина кызматкерлерине COVID-19 диагнозу менен оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Өткөрүп берилген жабдуулар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлөт.