14-июлга карата өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял 67 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 147 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен 23 адам республика боюнча жана Бишкекте 22 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 497 адам.