Франциянын Монпелье университетинин окумуштуулары туздалган капуста жана кычкыл сүт азыктары коронавирустан сактанууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу The Sun чет элдик басылма жазып чыкты

Маалыматта ар улуттун күнүмдүк турмушта колдонгон салттуу азыктары менен алардын иммунитети коронавируска кандай туруштук берерин аныктоого мүмкүн экендиги айтылат.

Окумуштуулардын изилдөөсүндө туздалган капуста жана кычкыл сүт азыктарын күнүмдүк рационунда көп колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондордун саны эң төмөнкү көрсөткүчтө болгон. Алсак, Германия жана Түштүк Корея өлкөсүнүн күнүмдүк колдонуучу азыктарынын катарында туздалган капуста (квашеная) жана кимчи (жашылчалар, ачуу калемпир, сарымсак жана татымалдардын түрү кошулат) турат. Алардын курамында иммунитетти чыңдоочу, ар кандай вирустук инфекциялардын организмге кирүүсүн алдын алуучу жана коронавирустун оор формасына өтүп кетүүсүнө жол бербеген антиоксиданттар бар. Бул азыктарды колдонгон өлкөлөрдө коронавирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү айыгып кеткен.

Мындан сырткары Греция, Болгария жана Түркия өлкөлөрүндө коронавирустан катталган өлүмдүн саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз болгон. Мындай көрсөткүчтү аталган өлкөлөрдө йогурт жана башка кычкыл сүт азыктарын көп колдонгондугу менен байланыштырышкан. Йогурттун курамында да антиоксидант бар, бирок туздалган капустага караганда аз өлчөмдө.