83 миллионерден турган топ бир катар мамлекеттердин өкмөттөрүнө кат жазышып, анда коронавирус пандемиясынын шарттарында экономиканы калыбына келтирүү үчүн бай адамдардан алына турчу салык өлчөмүн көбөйтүүнү сунушташкан.

«Биз интенсивдүү палаталардагы бейтаптарга кирип жардам бере албайбыз, пациенттерди ооруканага жеткирип жаткан тез жардам унааларын дагы айдай албайбыз, ошондой эле дүкөндөрдөгү текчелерди азык-түлүк менен толтура албайбыз. Бирок, бизде акча бар, болгондо да өтө көп суммадагы акчалар. Ошол себептүү, бизден алынып жаткан салык өлчөмүнүн көбөйтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Биздин оюбузча, мындай чечим азыр аба менен суудай зарыл», — деп жазышат кат ээлери.

Катка кол койгондордун ана башында Стивен Сигал, британиялык сценарист Ричард Кертис, Уолт Диснейдин небереси Эбигейл жана башка көптөгөн белгилүү адамдар турат.