Мамшайлоо комитетинин башчысы Сильвестр Марчиния журналисттер менен болгон пресс-конференцияда Анжей Дуда Польша президенти болуп экинчи мөөнөткө шайлангандыгын жар салды.

Белгилей кетсек, Польша президенттигине карата өткөрүлгөн шайлоолордун экинчи туру өткөн жекшемби күнү болуп өткөн.

Мамшайлоо комитетинин маалыматы боюнча президенттик шайлоо боюнча өткөрүлгөн экинчи турда «Укук жана акыйкаттык» башкаруучу партиянын талапкери Дуда шайлоочулардын 51,03% добушун алууга жетишкен.