Индиялык Раджастан штатында врачтар өлдү деп жаңылыш чечим чыгарган ымыркай кыз өз тажыясында ыйлап жиберген. Бул тууралуу Times of India гезити маалымдаган.

Маалыматка ылайык, жарык дүйнөгө келген бала кандайдыр бир ишаарат кылбагандыктан төрөттү кабыл алып жаткан медайым баланы өлүү туулду деген ой менен полиэтилен баштык жаап энесине карматкан.

Ошентип, жерге берүү маалында кыз чырылдап ыйлап жиберген. Тилекке каршы, врачтар бир жарым сааттын ичинде келишкендиктен ымыркайдын абалы кайра оорлошуп, врачтар келгенден кийин чарчап калган.

Албетте, ымыркайдын ата-энеси оорукана кызматкерлеринин шалаакылыгы кызынын түбүнө жеткендигин айтышса, медицина кызматкерлери аны бир беткей четке кагып, «өлдү»-деп эч кандай корутунду бере электе эле оорукандан алып чыгып кетишкен деп кыздын ата-энесине кине коюда.