Казакстандагы ДССУ өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэролайн Кларинвальдын билдирүүсү боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун эксперттеринен турган топ Казакстанга келип түшөт.

Буга чейин Казакстандагы Кытай элчилиги өз сайтына жарандарды өтө этият болууга, себеби белгисиз түрдөгү пневмониядан адаттагы COVID-19 коронавирустук инфекциясына салыштырмалуу өлүм көрсөткүчү абдан көп болуп жаткандагын белгилеп кеткен.

Бирок, Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги белгисиз пневмониянын жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат чындыкка жатпай тургандыгын билдирип, ДССУ эксперттеринин өздөрү келип буга күбө болуп кетүүгө чакырышкан.