Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.

«Он бир күн денем ысып, иммундук системам болгон күчү менен, көрүнбөгөн душман менен аябай күрөшүп жатам. Жараткандын жардамы менен калыбыма келип жатам «,-деген ал.

Чыңгыз Айдарбеков элдин тилектештигин, гумандуулугун жана өз ара камкордугун белгиледи.

«Ушул оор сыноо мезгилинде биздин команда бир мүнөт токтоп калбайт, биз өз мекендештерибизге колдо болгон жөнөкөй ресурстарды колдонуп жардам берүүгө аракет кылабыз. Көмөкчү жардам дайыма эле өз убагында бериле бербейт, биз колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз ”, — деген ал.