Саламаттык сактоо министрлиги дагы 220 ИВЛ аппаратына муктаж. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

“Бүгүнкү күндө, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын – 572си иштеген абалда колдонулуп жатат. Пандемия башталгандан бери, 23 ИВЛ аппараты, 5 СИПАП аппараты, 130 БИПАП аппараттары алынган. Азыкы күндө, донорлордун каражатынын эсебинен сатып алууга – 63 ИВЛ аппаратка тендер өткөрүлдү. Ал эми, өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП аппараты келген. Учурда дагы 220 ИВЛ аппаратка муктаждык бар” – деп билдирди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.