Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы каза болду

Кечээ 13-июлда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын Баткен шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Хасан Абдуллаев кооптуу илдеттен улам каза тапты.

Хасан Абдуллаев 49 жашта болчу.

Ал өмүр бою ички иштер кызматында эмгектенип, өмүрүн өлкөбүздүн коопсуздугуна арнады.

Жалпы элибиздин, мамлекетибиздин башына келген оор кырдаалда тыным албай, күн-түн эмгектенди.

Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаалда, жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн, ички тартипти сактоого зор салым кошту.

Кызматтык милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарды.

Тилекке каршы бул коптуу илдетке кабылып, көрүлгөн аракеттерге карабай оо дүйнө салды.

Өкүнүчтүү, элибиз, чыныгы мекенчил, эл жер үчүн кызмат кылган, мыкты уулубуздан ажырадык.

Хасан Шарипович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.

Маркум Хасан Шариповичтин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов,

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов

Орун басары Чынара Саттарова

Аппараттын жетекчиси Мунарбек Насиров

Өкүлдүн аппараттынын кызматкерлери.