Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын 13-июлдагы отурумунда КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздары каралды.

Жыйынтыгында эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим кабыл алынды.

«Боршайкомдун алдында түзүлгөн атайын иш тобу келип түшкөн арыздарды, материалдарды карап чыкты. Сот органдарындагы териштирүүлөр уланып жатканына байланыштуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты»,-деди Бекматов.

Белгией кетсек, Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Эки тараптын ортосундагы талаш-тартыш жагдайы соттордо каралып жатат.

Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда. Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Ага 44 партия катышарын билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат.