Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гарреттин үй-бүлөсү Бишкектеги ооруканалардын медицина кызматкерлери үчүн кечки тамак даярдашууда. Бул тууралуу, дипломат Твиттерде сүрөттөр менен бөлүшүп т өзү бөлүшкөн.

«Борбордогу ооруканалардагы медициналык кызматкерлер үчүн түшкү тамак. 22 каарманга 22 порция! Сиз биз үчүн күн сайын кооптуу шарттарда күрөшүп жатасыз. Чоң рахмат!» — деди Чарльз Гаррет.

Социалдык тармактардын колдонуучулары, элчиге жана анын үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирүү менен жооп беришкен, ошондой эле биздин аткаминерлерди жана орун басарларын Улуу Британиянын элчисинен үлгү алууга чакырышкан.