Бишкек шаарындагы №78 мектептин жетекчиси Эльнура Музаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Музаева Эльнура Турдукуловна Талас облусунда 1966-жылдын 18-сентябрында туулган. Билим берүү тармагына 30 жыл өмүрүн арнап, анын ичинен 8 жыл борбордун №78 мектебинин директору болуп эмгектенген. 

«Ал даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле. Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгы Эльнура Турдукуловнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун«, — деп айтылат маалыматта.