Коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенишине карата жүргүзүлгөн талдоо Чүй облусунун стационарларына бейтаптар оор абалда түшүп жатканын көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Көптөрү үйдөн өз алдынча дарыланышып, оору күчөп кеткенде гана ооруканага кайрылышууда. Бул жагдайда дарыгерлерге абдан кыйын болууда, алар бардык күч-аракети менен ар бир өмүр үчүн күрөшүп жатышат.

Ушуга байланыштуу КР Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Намазалиев оорулууларды аныктап кеңеш берүү жардамын көрсөтүү максатында калкты үймө-үй кыдырууну уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарды.

Ошондой эле калкка өзүн-өзү дарылоо коркунучу тууралуу, милдеттүү түрдө жергиликтүү медициналык мекемеге кайрылуусу керектиги жөнүндө маалымдоолор WhatsApp жана Telegram аркылуу берилип тураары маалым болду.