«Учурда дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан фактылар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар жана башкалар боюнча 27 факт катталды», — деп билдирди Премьер-министр Кубатбек Боронов.
Медициналык каражаттардын (беткаптардын) баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш каралып жатат;
Мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар боюнча 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кампалардан: гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарыларды катып жатышкан.
Кымбат сатып жаткан алып сатарларга карата 8 факт Жоруктар кодекси боюнча өтүп жатат.
Анын айтымында, Финансы полициясы тарабынан бааларды негизсиз кымбаттаткан дарыканаларга, мополисттик келишүүлөрдү түзүп алган физикалык тараптарга, кызыл кулак алып сатарларга карата чаралар күчөтүлөт.