Кыргызстандагы белгилүү косметологдордун бири, дермотолог жана дарыгер Айнура Сагынбаева учура коомчулук тарабанан талкуу жаратып жаткан хиджама тууралуу өзүнүн пикири менен бөлүштү.

Бүгүнкү күнү коронавирусту Хиджама ыкмасы менен дарылагыла деп белгилүү ырчылар чыгып жатышат. Түшүнөм, элди айыгып кетсин, жеңил өтүп кетсин оору деп болгон ыкмаларды сунуштаганга мажбурбуз. Бирок коронавируста кан коюлуп, тромбтор пайда болот. Анан дагы кандын клеткалары жанчылып, аз кандуулук пайда болот. Анемия менен ооругандар өтө катуу абалда болот коронавирус жабышса.

Хиджама канды дагы азайтат! Ансыз деле жетишпеген кан клеткалары азайат, кан тамырлардагы кандын суюк болугу дагы кетет, кан коюлат! Хиджама илгери башка медициналык ыкма жок болгондуктан айласыздыктан колдонулган. Кан басымы жогоруларга жардам берген. Бирок азыркы заманда ар бир оорунун эмне себептен болоорун, кандай патогенез патофизиология болоорун билебиз. Анан ар бир организмге индивидуалдуу карайбыз даары берип жатканда деле. Хиджаманы бут баарына, организмге карабай эле, оорунун себебине карабай эле сунуштоо бул туура эмес иш. Менин жеңем реанимацияда жатат. Каны аз, анемия экен. Коронавирус менен ооруп калыптыр. Элестетип жатам дагы хиджама жасаса, ошол кеңештерди угуп.

Элде күнөө жок. Эл айласын издеп жатат. Бирок иш кылсанар, ойлонуп иш кылгыла алтындарым.