14-июль күнү «Манас» Эл аралык аэропортуна Екатеринбур-Бишкек маршруту менен «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мекенине 186 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун негизинде ишке ашырылды.

Бул каттам менен оруссиянын Урал федералдык округундагы жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмен, Челябинск, Сургут, Новый Уренгой, Курган, Ноябрьск, Пермь Салехарддеги жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Авиатраффик» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

Бул каттам менен ошондой эле Бишкек шаарына Россиядагы мекендештердин арасынан медкызматкерлер (2 дарыгер, 2 фельдшер жана медайым) коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.