Техаста, тагыраак айтканда АКШнын калкынын саны боюнча экинчи орунда турган штатында коронавирус илдетине таандык 10 745 жаңы учур катталган.

Буга чейинки антирекорд ишемби күнү катталган жана ал 10 351 учурду түзгөн. Бүгүнкү күнгө карата Техаста болжол менен 29 миллион адам жашаса, бардыгы болуп 275 миң учур катталган жана бул илдеттин кесепетинен улам 3 322 адам каза тапкан.

NBC News телеканалынын маалыматына ылайык дүйшөмбү күнгө карата алынган жыйынтык боюнча Флорида, Техас жана Калифорния өңдүү калк өтө жыш жайгашкан америкалык штаттарга ушул күнгө карата дүйнө жүзү боюнча катталган учурлардын ар бир бешинчиси туура келүүдө.