Кечээ, 14-июлда,  Лейлек райондук ооруканасына маркум Ниймат ажы Джееналиевдин уул-кыздарынын атынан 5 даана кислороддук концентратор, 28 даана коргонуучу комбинезон, 20 пачка маска респиратор ж.б көптөгөн медицина каражаттарын жардам катарында беришти. Бул тууралуу, фейсбук колдонуучусу Элдияр Джееналиев жазды.

«Бүгүн, буюрса чоң атам Ниймат Джееналиевдин атынан атам, агаэжелерибиз, жалпы Джееналиевдердин атынан Лейлек райондук ооруканасына 5 даана кислороддук концентратор, жеке коргонуучу каражаттарынын толук комплекти, маска респиратор, ж.б медицина каражаттары жардам катарында берилди.

⠀Азыркы оор абалда, бири-бирибизге колубуздан келген көмөк көрсөтүү менен гана жеңебиз. Өзгөчө, Лейлек району борбордон эң алыс жайгашкандыктан, оорулуулар үчүн шаардагыдан көп жай болгону менен, борбордогудай шарттын, сапаттын жоктугу өтө кооптуу болуп эсептелинет. Ошондуктан сиздин ден соолук эле эмес, элдин ден соолугу ар бирибиздин колубузда!»-деп жазат ал.