УКМКнын тергөө абагында карантин жарыяланды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесаревдун билдирүүсүнө таянуу менен «24 кж » маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, бардык жолугушуулар жокко чыгарылган. Соттолуучулардын адвокаттары да, камактагы адамдардын укуктарынын бузулушун көзөмөлдөгөн укук коргоочулар да убактылуу кармоочу жайга киргизилбейт.

“Менин кардарым Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кандай экени мага белгисиз. Мен өзүм ооруп өргүүдөмүн. Дарыгерлер мага пневмония диагнозун коюшту ”,-деди ал.

Сергей Слесарев УКМКнын тергөө изоляторундагы камактагылардын кайсынысы оорулуу экендигин билбейт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин тергөө изоляторунда 11 кызматкер ооруп жаткандыгы тууралуу кабарланган. Бирок УКМК бул маалыматты тастыктаган эмес.