14-июль күнү педагог, педагогика илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.

Каниметов Жанкороз Каниметович 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүргөн.

Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин, Арал орто мектебинин, Кайкин атындагы орто мектебинин директору, Ак-Суу районунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы, Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти, Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы, Жогорку Кеңештин парламенттик Кыргыз-Түрк кызматташтык тобунун жетекчиси болгон.

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин проректору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, Москвадагы эл аралык педагогикалык билим академиясынын академиги.

Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги, СССР билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты.

Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамынын, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын автору.