Биздин редакцияга окурмандардан, жеке куржунга каттар келип турат. Бул ирет, атын кыска гана Какен деп атаган, жашы 58 экенин айткан окурмандан кат келди.  Бизден жарыялап коюуну өтүндү. Ар кимдин өз оюн айтканга укугу бар болгондуктан, окурмандын өтүнүчүн четке кага албадык.

Карап туруп кайгыга батып, аттиң деп оо дүйнө кеткен адамдарга өкүнүп кала берип жатабыз. Атың өчкүр илдет, күнөөлүү кишини издетип эле калган сыяктуу. Биз айрыкча кыргыз коому өзүбүздү эмес өзгөнү күнөөлөп көнгөн элбиз. Бул биздин канга сиңген. Алгач ааламга пандемия тарап Кытайда башталганда, табаладык. Ырас болот, катарынан же баарын, чочко жылан, мышык итти деп. Көп өтпөй өзүбүздүн башыбызга түштү. Күлгөнгө күлө жеттик.

Энесинен эрте калган улактай, өкмөт байкуш алапайын таппай, элди коргоп, үйдө болгула деди. Анда да жөн отурбай келе-келеп, кокуй жарылдык, жүдөдүк , өлдүк деп карантинди ачтырдык. Ал мейли. Анда да тынбай эскертип, четтен келгендерди обсервацияга алып жатты. А биз эмне кылдык. Ал жактан качтык, аппетит ачылып шашлык жегибиз келди. Ашата сөктүк. Бизге коомго, бир эле өкмөт, президент баш болуп башынан эле сактангыла, абайлагыла деп какшап жатат. Жок! Кыргыз аны укпайт , өз билгенин кылат. Той бердик, аш бердик, кыз узаттык, түлөө бердик. Базарда, банктарда, көчөдө жайылдык, бет кап жок. Аны өзүбүз эмес, өкмөт үчүн тактык, автобус, маршруттан кууп түшпөсүн деп. Парктарда, суу бойлоп, тоолордо шашлык, куурдак жедик. Аракты ичтик, вируска каршы деп. Ойлоп карасак, биздин коом бүт эле тескери кеттик.

 Анан ооруу күчөп, башыбызга азап түшкөн кезде, эмнеге президент күнөөлүү болуп чыга келди. Эгер эреже сактасак, тескери баспасак илдет мынчалык күчөмөк эмес. Эксперттер какшап жатат, инфекция адамдан адамга жугат деп. Эң жаман жери ооруп калсак эч качан Кыргыз оорууканага барбайт! Качан гана оо дүйнө көзгө көрүнүп, бир бутубуз көргө киргенде анан доктурга барабыз. Башында өкмөт айтты, ар бир үйдү кыдырып анализ алабыз деп. А биз эмне дедик, мыйзамды мыкты билген адам болуп, » частный территория» үйгө кирбе деп анализ алганы келгендерди кууп чыктык. Өз алдынча дарыланууга кыйынбыз. Чоң апам айткан деп, ойго келгенди жасайбыз. Ал кандай таасир берет, ооруну өрчүтөбү уруп ойнобойбуз. Ооруу жок, ойлоп тапкан өкмөттүн саясаты дедик!

Биз кайрымдуулукка шылтап, эл кезип, жер кезип пиар жасап, сенден мен өтөм деп туруп алдык. Ооба , билем мени тилдеп жатасыңар. Бирок, ошол эле коомдун аң сезими өрчүгөн өлкөлөрдө, Япония, Корея, Немецтер абалдан кандай чыкты. Карагыла, интернет ачып издегиле, салыштыргыла. Көсөмдүн акылы кеч кирет болуп, илдетти күчөтүп, бири-бирибизге жуктурган өзүбүз эмей КИМ? Жеке сиз ушул поссту окуп жаткан окурман,эрежени кандай сактадыңыз?  Же сизге президент, премьер же депутат келип жуктурдубу? Мен бул менен эмнени айткым келди, алгач коом өзүбүз өзгөрүү керекпиз!  Жада калса медиктер өздөрү айтып жатат, өлкөдө өлүм ушундай эле болчу, болгону авария, кырсыктын кесепетинен деп. Айрымдар азыр элге активист болуп көрүнүү менен күздөгү шайлоонун камын көрүп жатат. Эртең үгүт иштери башталса, балчайтып айтат, баягыда аппарат алып берген, дары сатып келген деп. Ойлоп карасак, азыркы Робин Гуд болуп жаткандар баягы эле элден акча чогултуп жатат, элсом аркылуу… Ошондуктан, өзүңө сак бол, кошунаны ууру тутпа деген.Алгач өзүбүз түз жүрүп эреже так сактасак инфекция мынчалык жайылмак эмес!