Бүгүнкү каарманыбыз 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын 1-взводунун командиринин орун басары, улук сержант Чоноев Эркенже Абдумажитович Аталган аскер бөлүктүн маанилүүлүгү ал Кыргыз-Тажик чек арасынын аймагында жайгашып, ал жерде коомдук коопсуздукту сактоо, кайгуул күзөт кызматын өтөө болгондугунда. Эмесе кепти алыскы Баткендин Көк-Таш аймагында мекен тынчтыгын коргоп жүргөн Эркенжеге берели…

— Эркенже мырза, форма сиз үчүн эмне?

— Форма бул — мен үчүн чыныгы эр жигиттин Ата Мекенди коргоодо дем- күч берип турган патриоттуулуктун, тайманбастыктын, чынчылдыктын, тазалыктын жана темирдей тартиптин символу. Форма кийип жүрүү менен эли-журтуңдун жана мамлекеттиңдин алдында моюнуңдагы жоопкерчилик бар экендигин сезүү. Мен үчүн Ата Мекен канчалык ыйык болсо, форманы да ошондой ыйык деп билем. Форма кийүү ар бир эле адамга буюрган эмес. Ошондуктан аны кийген соң өзүңдү ага татыктуу алып жүрүү шарт деп ойлойм.

— Аткарып жаткан кызматыңдын өзгөчөлүгү эмнеде?

— Өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө, көз карандысыздыгына жана андагы жашап жаткан көп улуттун өкүлдөрүнүн биримдигин, ынтымагын жана коопсуздугунун корголушуна кошкон салымында. Себеби биздин кызматта өлкөбүздүн ички жана сырткы коопсуздугуна эбегейсиз чоң көңүл бурулат. —

Ички аскерлердин катарында кызмат өтөп калууңа эмне себеп болду?

— Бала кезимден эле аскерге барып форма кийип, Ата Мекенге кызмат кылсам деген аруу тилегимдин орундалышы десем жаңылышпайм. 2015 -жылы кесиптик лицейди аяктап, аскерге жашым келип калгандыгына байланыштуу өз ыктыярым менен куралдуу күчтөрдүн катарына 707 аскер бөлүгүнө кызмат кылууга чакырылдым. Аскерге келген биринчи күнүмдөн тартып эле эрежелерди тез үйрөнүп, командирлердин буйруктарын так аткарууга аракет кылдым. Күжүрмөн даярдыктагы сабактарды тез өздөштүрүп, офицер, сержанттардын насааттары чоң дем — күч берип, мөөнөттүк кызматым аяктаган соң келишимдин негизинде кызматка калышыма түрткү болду.

Азыркы аскердик система, анын ичинде ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы, моралдык-психологиялык абалы тууралуу айтып өтсөң?

— Азыркы аскердик система өтө дыкат иштелип чыккан гумандуу, калыс, заманбап ыкмада иштелип чыккан деп эсептейм. Ички аскерлердин бөлүктөрүндө күжүрмөн даярдык боюнча теориялык жана практикалык сабактар белгиленген пландын негизинде так өткөрүлүп тургандыктан өздүк курамдын даярдыгы жогорку деңгээлде. Ага далил акыркы убакыттарда жергебизде болгон эки элдин келишпестигинен чыккан ар кандай чыр -чатактарды жеринде барып өз убагында тынчтык жолу менен чечип, өлкөбүздүн ички коопсуздугунун сакталуусун көзөмөлгө алуу жана толук кандуу коргоо болуп саналат. Ушул оор кырдаалдарда жогорку квалификациялуу офицерлер өздүк курам менен сапатуу сабактарды, иш чараларын өткөрүшүп, моралдык -психологиялык абалдын туруктуулугун камсыз кылышат.

— Аскердик тартипте калыптанган адам жашоодо кандай образды бере алат?

— Аскердик тартипте калыптанган адам ата — энесин терең урматтаган, үй — бүлөөсүнө камкор, чынчыл, сабырдуу, өзүнө таза жана тыкан тартипти сүйгөн жана айлана — чөйрөгө аяр мамиле жасаган калыс, коомго кайдигер карабаган мекенинин патриот атуулу. —

Эр жигиттин эң мыкты сапаты эмне деп билесиң?

-Эр жигиттин эң мыкты сапаты — Ата Мекенин сүйүү, жоомарттык, чынчылдык, айткан сөзүнө турган, достукка бекем жана чечкиндүүлүк.

Ата эне, бир туугандарың тууралуу айтсаң, алардын сенин ишиңе мамилеси кандай?

— Атам Чоноев Абдумажит 1955 -жылы Ош обласынын Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Жакшылык айылында туулган. Апам Чоноева Акбермет Маматовна 1958 -жылы Ош обласынын Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылында туулган. Учурда экөө тең ардактуу эс алууда. Биз үй — бүлөдө сегиз бир тууганбыз. Мен үйдүн эң кичүүсүмүн. Агаларым, эжелерим бардыгы турмушта өз ордуларын таап, өз жашоолору менен. Менин аскер кызматкери болушума бир туугандарымдын жана ата-энемдин салымы чоң. Бир туугандарым мага ар тараптан колдоо көрсөтүп, жардам берип турушат. Ата — энем ар дайым акыл — насаатын айтып, туура жолдо жүрүүнү түшүндүрөт.

Марат Сабыралиев