U.S. President Donald Trump holds a news conference at the 50th World Economic Forum (WEF) in Davos, Switzerland, January 22, 2020. REUTERS/Jonathan Ernst

АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Гонконг үчүн соода-сатык префенцияларды жокко чыгара тургандыгын жар салып, банктарга карата чектөөчү чараларды санкциялоочу мыйзамга кол койду.

«Эми Гонконгго карата мамиле Кытайга карата болгон мамиледен эч нерсеси менен айырмаланбайт»-деди Трамп пресс-конференцияда.

Белгилей кетсек, 30-июнь күнү Кытай бийлиги «Гонконгдун улуттук коопсуздугу жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Мыйзам Гонконг бийлиги үчүн ар кыл нааразылык акцияларына каршы күрөшүүгө кеңири укуктарды берет.

Башкача айтканда, эми нааразылык акциясына чыккандарга сепаратизм, терроризм, мамлекеттик бийликти басып алуу жана чет мамлекеттик күчтөр менен болгон кутум боюнча айып тагылуусу ыктымал. Ушундан улам АКШ кытайлык аткаминерлерге каршы сакцияларды киргизип, Гонконгду артыкчылыктарга ээ иштиктүү өнөктөш макамынан ажыраткан.