Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунда иштеп жаткан Кытай жараны дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытай жараны 6-июлдан бери дайынсыз болууда, бирок ӨКМге билдирүү 10-июлга келип түшкөн.

«Аталган жолду куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын 1979-жылы туулган кытайлык жумушчусу дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат КР ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн. Күн мурун издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн министрликтин №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган», — деп айтылат маалыматта.