Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан суу кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери шаар ичин аралап агып өткөн дарыянын кооптуу аймактарына, шар аккан сууларга түшүүгө болбой тургандыгын жергиликтүү тургундарга жеткиришти.

Ата-энелерге аптаптуу күндөрү өз балдарынын кайда жүргөнүнөн кабардар болуп, сууга чөгүүлөрдү болтурбоо керектиги эскертилди. Буга чейин шаар аймагындагы сууга түшүүгө болбой турган аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулган.

Милиция атайын автоунаа менен көчөлөрдү кыдырып, унаага орнотулган үн чыгаруучу каражаттар аркылуу тиешелүү маалыматтар жашоочуларга жеткирилүүдө.