Кытай ТИМ жана Борбор Азия өлкөлөрү эртең, тагыраак айтканда 16-июль күнү онлайн-режиминде министрликтердин деңгээлиндеги биринчи жолугушуу өткөрүшөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 илдетине каршы күрөшүү чаралары талкууланмакчы. «Кытай – Борбор Азия» видеоконференция форматында» аталган бул жолугушууга Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан ТИМ башчылары катышмакчы.

Видеоконференциянын жүрүшүндө коронавирустук пандемияга каршы туруу боюнча кызматташтык, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу өңдүү актуалдуу маселелер каралат.