Индияда коронавирус илдетине байланыштуу жаңы учурлардын саны 29,4 миңге жетип, жалпы 936 181 учурду түзгөн. Индия коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунду ээлейт.

Акыркы маалыматтарга ылайык өлкөдө 906 752 адам аталган илдетти жуктуруп алган. Ал эми андан каза болгондордун саны – 24 309 миң.

Негизинен, Махараштра штаты көбүрөөк жабыркаган жана анын үлүшүнө 267 665 учур туура келет (бир сутка ичинде — 6741).